Түркия менен Украинанын ортосунда күчтүү саясий диалог бар

Зеленский Түркияга ыраазычылык билдирди.

1453337
Түркия менен Украинанын ортосунда күчтүү саясий диалог бар

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Түркия менен өлкөсүнүн ортосунда күчтүү саясий диалог бар экендигин айтты.

Зеленский кечээ улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен сүйлөшкөндөн кийин Твиттерде бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Стратегиялык өнөктөшүбүз Түркиянын коргоо министри менен сүйлөштүм»,-деди.

Украинанын эгемендигин колдогон жана коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга жардам берген Түркияга, ошондой эле президенти Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылыгын билдирген  Зеленский: «Түркия менен Украинанын ортосунда күчтүү саясий диалог бар» деп баа берди.



Тектеш кабарлар