Коронавирус боюнча Чыгыш өлкөлөрүнүн абалы

Иракта 50гө жакын депутаттын Ковид  - 19 жугузуп алганы айтылууда.

1453122
Коронавирус боюнча Чыгыш өлкөлөрүнүн абалы

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 563 818, вирус жуккан киши саны 12 миллион 688 358 болду. Айыккандардын саны 7 миллион 397  605тен ашты.

Индияда 24 саатта 519 кишинин каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондрдун жалпы саны 22 171ге жогорулады. Өлкөдө вирус жуккан киши саны 825 753кө жетти. 

Иранда Ковид  - 19 каза болгондордун саны 12 447ге жетип, өлкөдө жалпы 252 720 кишиге вирус жуккан. 

Россияда болсо ушул кезге чейин 11017 киши каза болуп, 713 936 кишиде вирус аныкталган. 

Иракта вирустан 3055 киши каза болуп, 75194 киши вирус жугузганы белгиленди. Күчтөр Биримдиги Союздаштыгынын депутаты Гейда Кембеш коронавирустан каза болду. Аял депутат ошол эле учурда Парламенттик жогорку билим берүү комиссиясынын төрайымдыгын да аткарып жаткан.  Өлкөдө 50гө жакын депутаттын Ковид  - 19 жугузуп алганы айтылууда.

Түштүк Африка Республикасында вирустун айынан акыркы 24 саатта 140 киши көз жумду, вирустан каза болгондордун жалпы саны 3860га жетти. Бир күндө 12  349 кишиге вирус жуккан өлкөдө, жалпы вирус жугузгандардын саны 250 687ге жогорулады.

Түштүк Африка өлкөлөрүнүн бири Намибияда коронавирустан биринчи өлүм катталды.

116 күн мурда бир учур катталган өлкөдө 615 киши  бул илдеттен дарыланууда.

Вирустун айынан 5  123 киши каза болгон Пакистанда 2,5 айлык Ковид-19 чектөөлөрү жоюлуп, каза болгондордун саны 8 эсеге көбөйдү. Өлкөдөгү бейтап  саны 246 351 деп катталды.

Японияда ушул кезге чейин 982 киши вирустан каза болуп, Окинава губернатору Тамаки Денни аймактагы Америка базаларында көп сандаган бейтаптын аныкталганын белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар