Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1453146
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандардын саны 562 миң 913төн, илдетти жуктуруп алгандардын саны 12 миллион 631 миң 134төн ашты. Ал эми 7 миллион 367 миң 490дон ашуун киши айыгып кетти.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) вирустан каза тапкандардын саны 136 миң 671 болду. Өлкөдөгү бейтаптардын саны 3 миллион 291 миң 786га жогорулады.

Түштүк Америка өлкөсү Бразилияда, Ковид-19дан көз жумгандардын саны 70 миң 524кө, жуктуруп алгандардын жалпы саны 1 миллион 804 миң 338ге жетти.

Мексикада ушул учурга чейин 34 миң 191 адам каза болуп, 289 миң 174 учур катталды.

Европада вирустан эң көп жабыркаган Британияда каза болгондордун саны 44 миң 650дөн ашты. Өлкөдө 288 миң 133 адамга инфекция жукту.

Францияда акыркы 24 саатта пандемиянын кесепетинен 25 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 30 миң 4кө, инфекцияга чалдыккандардын саны 658ге көбөйүп 205 миң 904 болду.

Испанияда коронавирустан бир жумада 10 адам көз жумуп илдеттен каза тапкандардын саны 28 миң 403кө жогорулады. Ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 253 миң 908ге жетти. Эртең өлкөнүн түндүгүндөгү Галисия жана Баск автономиялуу аймактарында өтүүчү жергиликтүү парламенттик шайлоодо Ковид-19 аныкталгандардын шайлоо участкаларына баруусуна жана добуш берүүсүнө тыюу салынды.

Португалияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан 2 адам каза болуп жалпы 1 миң 646га көбөйдү. Өлкөдө 402 жаңы учур катталып, илдетке чалдыккандардын саны 45 миң 679га жетти.

 



Тектеш кабарлар