БУУ Россиянын сунушун четке какты

Россия Сирияга эл аралык жардам механизмине вето коюп, өзүнүн мыйзам долбоорун сунуштады.

1451995
БУУ Россиянын сунушун четке какты

Россиянын Сирияга эл аралык жардам механизмине вето койгондон кийин 6 ай бир гана чек арадан жардам көрсөтүү сунушу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде четке кагылды.

Орусия кечээ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде, Түркия аркылуу эки чек ара бекетинен Сирияга гуманитардык жардамдардын киришине мүмкүндүк берген жана 10-июлда иштөө мөөнөтү аяктай турган механизмди жаңылоого вето койду жана кеңешке өзүнүн мыйзам долбоорун сунуштады.

Сирияга эл аралык жардамдарды Түркия аркылуу 6 ай гана киргизүүнү сунуш кылган Россиянын мыйзам долбоору, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде талап кылынган 9 добушка жетпегендиги үчүн четке кагылды.

АКШ, Франция, Англия, Германия, Бельгия, Эстония жана Доминикан Республикасы бул чечимге каршы чыгышты. Ал эми Тунис, Нигер, Индонезия жана Сент-Винсент калыс добушун беришти.

Мыйзам долбоорун Россия, Кытай, Вьетнам жана Түштүк Африка Республикасы колдоду.

Сирияга учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомуна ылайык, Түркия аркылуу эки чек ара бекетинен гана жардамдар өтүп жатат.

Россия менен Кытайдын ветосунан кийин эки чек ара бекети дагы  10-июлда механизмдин иштөө мөөнөтү аяктагандыктан жардам конвойлору үчүн жабык болот.

БУУнун маалыматы боюнча, Сириянын түндүк батышындагы Идлибде жашаган 3 миллион калктын 70 пайызы гуманитардык жардамга муктаж.



Тектеш кабарлар