Ковид-19 пандемиясы 250 миллиондон адамды ачкачылыктын чегине алып келди

Коронавирустун кесепеттери

1450931
Ковид-19 пандемиясы 250 миллиондон адамды ачкачылыктын чегине алып келди

Бириккен Улуттар Уюму коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрү дүйнө жүзү боюнча 250 миллион кишини ачкачылыктын чегине алып келгендиги жөнүндө эскертти.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өтө жакырчылыкка каршы күрөшүү жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер: «Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүндөгү 250 миллион кишини ачарчылыктын чегине жеткирди жана 2030-жылга чейин жакырчылыкты жоюу планы да кыйын болду» деп эскертти.

Шуттер өзүнөн мурда кызмат кылган атайын баяндамачы Филип Алстондун глобалдык жакырчылыкка байланыштуу отчетун БУУнун Адам Укуктары Кеңешине тапшырды.

Жакырчылык менен натыйжалуу күрөшүү үчүн өнүгүүнүн жалгыз өзүнүн жетиштүү болбой турганын белгилеген Шуттер, жакырчылык менен күрөшүүдө байлыкты кайра бөлүштүрүү керек деген оюн билдирди.

Шуттер "Ковид-19" пандемиясынын 250 миллиондон ашуун адамды ачкачылыкка алып келгенин, 176 миллиондон ашык адамды өтө жакырчылыкка түртө турганын, аялдар, эмгек мигранттары жана качкындардын «узак мөөнөткө көңүл бурулбай калышына» себеп болоору жөнүндө эскертти.



Тектеш кабарлар