ЙПГ/ПКК бир жумада 4 баланы уурдаган
ЙПГ/ПКК Сирияда уурдаган балдардын аң - сезимин өзгөртүп колуна курал карматып машыктырууда.
1451409
ЙПГ/ПКК террордук уюму Сирияда басып алган аймактарда акыркы бир жумада 4 баланы уурдап, зордоо менен курал карматкан. Алардын ичинен экөөсү кыз бала.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда ЙПГ/ПКК террористтери Сирияда басып алган аймактардан балдарды уурдап курал карматууну улантууда.
ЙПГ/ПКК бул айдын ичинде басып алууну уланткан Айнулараб (Кобани) району менен өлкөнүн түндүк – чыгышындагы Хасеке облусуна караштуу Камышлы жана Дирбасиййе райондорунан 4 баланы уурдап качкан. Алардын ичинен экөөсү кыз бала.
Террордук уюм өткөн айда да 11 – 17 жаштардагы 4 кыз баланы да уурдаган.
ЙПГ/ПКК Сирияда уурдаган балдардын аң - сезимин өзгөртүп колуна курал карматып машыктырууда.