Жаныбарлардан жуккан оорулардын күч алышы боюнча эскертүү берилди

Жапайы турмуш жана экологияны коргоого карата чаралар көрүлбөсө зооноздук оорулар жайыла берет.

1450495
Жаныбарлардан жуккан оорулардын күч алышы боюнча эскертүү берилди

 БУУнун Экологиялык программасы жаныбарлардан адамдарга жуккан зооноздук оорулардын жапайы турмуш жана экологияны коргоого карата чаралар көрүлбөсө өсүүнү улантары боюнча эскертти.

БУУнун Экологиялык программасы жана Эл аралык мал  - чарбачылык изилдөөлөр институтунун биргеликте даярдаган жаңы отчетунда акыркы жылдарда көбөйүп бараткан эбола, SARS, зика, ВИЧ / СПИД, Батыш Нил сары безгеги жана акыркы болуп жаңы тип коронавирус сыяктуу жаныбарлардан адамдарга жуккан ооруларга көңүлдөрдү бурду.

БУУнун Экологиялык программасынын илимий изилдөө бөлүмүнүн башчысы Мартин Каппелле : «Адамдар 1918 – 1919 -  жылдардагы грипп эпидемиясына карап жатышат жана мындай оорулардын  кылымда бир келерин ойлоп жатышат бирок бул ой азыр туура эмес болуп жатат. Табигый турмуш менен адам турмушунун ортосундагы тең салмактуулукту түзө албасак бул эпидемиялар барган сайын жайыла берет»,- деди.

БУУнун Экологиялык программаларынын директору Ингер Андерсен болсо акыркы кылымда коронавирустун түрлөрүнүн эң аз алты чоң эпидемияга себеп болгонун айтты.

Эт керектөөнүн акыркы 50 жылда 260 пайызга өскөнүн жана жапайы турмуш аянттарынын айыл  - чарбалык аянттары менен инфраструктураны кеңейтүү үчүн колдонулганын белгилеген Андерсен : «Билим так ; жапайы турмушту жок кылып, экосистемага зыян берүүнү уланткан сайын алдыбыздагы жылдарда жаныбарлардан адамдарга жуккан бул ооруларда өсүүнүн болушун күтсөк болот»,- деди.

Андерсен келечектеги эпидемиялардын жолун тосуу үчүн өкмөттөргө жерди жана аянттарды камсыздап, биологиялык түрдүүлүктү өстүрүү жана илимий иликтөөлөргө инвестиция салууга чакырды.  



Тектеш кабарлар