БУУ жаңы террор түрлөрү боюнча эскертти

Антонио Гутерриш БУУнун терроризмге каршы күрөшүү жумалыгынын алкагында сөз сүйлөдү.

1450172
БУУ жаңы террор түрлөрү боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын санариптик технологияларды кыянаттык менен пайдалануу, кибердик чабуулдар жана биологиялык терроризм сыяктуу жаңы террордук кол салууларды алып келиши мүмкүн деп эскертти.

Антонио Гутерриш Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) терроризмге каршы күрөшүү жумалыгынын алкагында сүйлөгөн сөзүндө ДЕАШ, Аль-Каида жана ага байланыштуу топтор менен нацисттер, ак расанын жактоочулары жана башка жек көрүүчүлүк топторунун бөлүнүүдөн жана жергиликтүү чыр-чатактардан пайда көрүүгө аракет кылып жаткандыгын белгиледи.

ДЕАШтын Сирия менен Иракта дагы деле болсо кайра курулууга аракет кылып жаткандыгын баса белгилеген Гутерриш: «Пандемия биздин санариптик технологияларды кыянаттык менен пайдалануу, кибердик чабуулдар жана биологиялык терроризм сыяктуу жаңы террордук чабуулдарга каршы алсыз жактарыбызды көрсөттү»,- деди.

Терроризмдин вирустар сыяктуу чек тааныбагандыгын баса белгилеген Гутерриш, бул көйгөйдү жалпы жол менен гана чечүүгө болот жана чалгындоо маалыматын бөлүшүү керек экендигин айтты.



Тектеш кабарлар