СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 537 040 адамдан ашты.

1449839
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Koronavirüs dünya.jpg
süper covid19.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 537 040 адамдан ашты жана  11 миллион 571 миңден ашуун адам инфекцияга чалдыкты. Айыгып кеткендердин саны 6 миллион 542 миңден ашты.

АКШда (АКШ) 132 миң 569 адам каза таап, 2 миллион 982 миң 928 адам коронавирус (ковид-19) инфекциясына чалдыкты. Миссисипи штатынын Өкүлчүлүк кеңешинин төрагасы Филипп Ганндын  Ковид-19 тести позитив болуп чыкты. Ганн өзү менен байланышта Өкүлчүлүк кеңештин мүчөсүнүн Ковид-19га чалдыкканын көргөндөн кийин тесттен өткөндүгүн айткан, бирок ал депутат ким экендигин айткан эмес.

Эпидемиядан эң көп жапа чеккен экинчи өлкө Бразилияда вирустун айынан акыркы 24 саатта 602 киши каза таап, жалпы каза болгондордун саны 64 миң 867ге жетти. Жуктуруп алган кишилердин саны 26 миң 51ге көбөйүп 1 миллион 603 миң 55ке жетти.

Мексикада акыркы бир күндө  Ковид-19дан каза болгондордун саны 273 адамга көбөйүп, 30 миң 639, ал эми жуккан адамдардын саны 4683 адамга көбөйүп, 256 миң 848 болду. АКШнын Аризона штатындагы Лукевиллге чектеш Сонойта шаары, Ковид-19 туташуусунун алдын алуу максатында чек арадан өткөн жолду убактылуу жапты. Бул чара коңшу Аризона штатындагы жуктурган учурлардын көбөйүшүнө байланыштуу калктын ден-соолугун коргоо максатында жасалгандыгы айтылды.

Эпидемиянын чордону болгон Улуу Британияда акыркы 24 сааттын ичинде 22 адам көз жумду, ал эми жоготуулар 44 миң 220 адамга жетти. Жуктуруп алгандардын саны 516 адамга көбөйүп 285 миң 416га жогорулады.



Тектеш кабарлар