Коронавирустун таасири астындагы Чыгыш өлкөлөрү

Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус дагы деле таасирдүү болуп жатат.

1448855
Коронавирустун таасири астындагы Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 529 197ден,   вирус жуккан киши саны 11 миллион 120 000ди, айыккандардын саны 6  миллион 242 946дан ашты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында акыркы 24 саатта вирус жуккан бир киши аныкталды.  Жалпы вирус жуккан киши саны 112ге чыкты. Өлкөдө андан мурда эпидемиядан 4 киши каза болгон.

Индияда ушул кезге чейин вирустан каза болгондордун саны 18 669га жетип, вирус жуукан киши саны 649 889дан ашты.

Россияда вирустан каза болгондордун саны 10 миң 27ге жетти. Өлкөдө акыркы 24 саатта 6 632 кишиде вирустун аныкталышы менен вирус жуккан киши саны 674 515ке жогорулады.

Иранда ушул кезге чейин коронавирустан каза болгондордун саны 11 260 деп белгиленип, өлкөдөгү вирус жуккан киши саны да 235 429 болду.

Иракта Ковид  - 19дан 24 саатта 102 кишинин каза болушу менен каза болгондордун саны 2 262ге, вирус жуккан киши саны 560 20га жетти.

Бириккен Арап Эмираттарында вирустан каза болгондордун саны 318ге, Бахрейнде 95ке жогорулады.

Афганстанда вирустан 826 киши каза болуп, президент Эшреф Ганинин экономика, соода, өнүктүрүү жана жакырдыкты азайтуу тууралуу атайын өкүлү Мухаммед Юсуф Газанфар Ковид  - 19дан каза болду.

Түштүк Африка Республикасында акрыкы 25 саатта 108 кишинин вирустан каза болушу менен каза болгондордун саны 2 952ге, вирус жуккан киши саны 177 124 жогорулады. 

Кээ бир өлкөлөрдө жоготуулар төмөнкүчө болду : 

Пакистанда  4  619, Египетте 3201, Индонезияда 3 036, Бангладеште 1968, Сауд Арабияда 4802, Беларуста 412, Катарда 121.

 

 



Тектеш кабарлар