Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Коронавирус кээ бир өлкөлөрдө али да болсо күчүндө.

1447957
Чыгыш өлкөлөрүндө  коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза тапкандардын саны 524 826га, вирус жуккан киши саны 11 миллион 18 642ден ашып, айыккандардын саны 6 миллион 175 537 болду.

Индияда 391 кишинин дагы каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 18 225ке жогорулады. Жалпы бейтап саны 627 168ге жогорулады. 

Кытайда  Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан берилген  маалыматка караганда өлкөдө акыркы 24 саатта 5 кишиде вирус аныкталды.Алардын ичинен 3 киши өлкө тышынан келген. Кытайда ушул күнгө чейин 4 634 киши эпидемиядан каза тапты. Өлкөдө вирус аныкталган 78 499 киши айыкты. 

Түштүк Кореяда Ооруларды көзөмөлгө алуу жана алдына алуу борборунан берилген маалыматта өлкөдө 24 саатта 63 кишиде вирус аныкталды. Алардын ичинен 9 киши өлкө келгени белгиленди. Өлкөдө акыркы 24 саатта коронавирустан жаңы өлүм  - житим катталган жок. Жалпы бейтап саны 12 967ге жеткен өлкөдө ушул кезге чейин 282 киши каза болгон. 

Россияда каза болгондордун саны 9 859га, коронавирус аныкталган бейтап саны да 667 883кө жогоуралаганы билдирилди. 

Иранда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 11 260ка, вирус жугузгандардын жалпы саны да 235 429га чыкты. 

Алжирде вирустан 8 кишинин дагы каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 928ге жетти. Вирус жуккан киши саны 385ке көбөйүп 14 657ге жогорулады.

Оманда вирустан каза тапкандардын саны  188ге, вирус жугузгандардын саны 42 555ке чыкты.

Бахрейнде Ковид  - 19дан 3 киши дагы каза болуп, 656 жаңы учур катталды. Өлкөдө жалпы 93 киши каза болуп, жалпы вирус жуккан киши саны 27 414кө жетти.

Катарда 118 киши каза болуп, вирус жуккандардын саны 97 897ге чыкты.

Кувейтте болсо  жалпы каза болгондордун саны 359га жогорулады. Өлкөдө вирус жуккан киши саны 47 859га жетти.

Мароккодо бир киши коронавирустан каза болду. 333 кишиде вирус аныкталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 229га, вирус жуккандардын саны 12 969га жетти.

50 киши коронавирустан каза болгон Тунисте вирус жугузгандардын саны 1178ге чыкты.

Иорданияда да 9 киши каза болуп, жалпы вирус жугузган киши саны 1136 жогорулады.

Ботсванада болсо  бир кишинин каза болгону, 227 кишинин вирус жугузганы  жарыяланып, мамлекет башчысы президенттик офисте бир кызматкерден вирустун чыгышы менен өзүн карантинге алды.

Түштүк Африкада 2 749 киши каза болуп, бейтап саны 168 61ге жогорулады. 

75 күндөн бери коронавирус жугузган киши чыкпаган Түндүк Кипр Түрк Республикасында 1 -  июлда капкалардын ачылышы менен 4 бейтап аныкталды. Транспорт министрлиги 6 -  июлга чейин өлкөгө атайын учак каттамдарынын токтотулганын белгиледи. 

Башка өлкөлөрдө каза болгон киши саны төмөнкүчө : 

Пакистанда 4 551, Египетте 3 120, Индонезияда 3 036, Иракта 2 160, Бангладеште 1968, Мауд Арабияда 1752, Белорусияда 405. 

 



Тектеш кабарлар