Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Коронавирус дүйнөнү тооруп алды.

1447274
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 516 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 700 миңден ашты. Ал эми 5 миллион 800 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Италияда илдеттен бир күндө 21 адам каза болуп жалпы 34 миң 788ге жетти. Өлкөдөгү бейтаптардын саны болсо 308ге азайып,15 миң 255ке кыскарды. Акыркы 24 саатта 187 жаңы учур катталды.

Францияда пандемиянын кесепетинен бир суткада 18 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 861ге жогорулады. Өлкөдө 918 жаңы учур катталып вирусту жуктургандардын саны 202 миң 70 болду.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада 19 кишинин каза тапканын, ошону менен жалпы каза болгондордун саны 28 миң 363кө жеткенин билдирди. Министрлик акыркы 24 саатта вирусту жуктуруп алгандардын саны 149га көбөйүп жалпы 249 миң 659га жогорулаганын маалымдады.

Португалияда болсо бир суткада 3 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 579га, илдетке чалдыккандардын саны 313 жаңы учур менен бирге 42 миң 454кө жетти.

 



Тектеш кабарлар