СOVID-19: Батыш өлкөлөрү

Коронавирустун жыйылуусу токтой элек.

1446557
СOVID-19: Батыш өлкөлөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 511 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 520дан ашты. Ал эми 5 миллион 735 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

43 миң 730 кишинин өмүрүн алган пандемиянын Европадагы чордону Англияда акыркы 24 саатта 155 киши каза тапты. Вируска чалдыккандардын саны 689га көбөйүп жалпы 312 миң 654 болду.

Италияда илдеттен бир күндө 23 адам каза болуп жалпы 34 миң 767ге жетти. Өлкөдөгү бейтаптардын саны 933кө азайып,15 миң 563кө кыскарды. Акыркы 24 саатта 142 жаңы учур катталды.

Францияда пандемиянын кесепетинен 30 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 843кө жетти. Өлкөдө 541 жаңы учур катталып вирусту жуктургандардын саны 201 миң 152 болду.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада 20 кишинин каза тапканын, ошону менен жалпы каза болгондордун саны 28 миң 355ке жеткенин билдирди. Министрлик акыркы 24 саатта вирусту жуктуруп алгандардын саны 99га көбөйүп жалпы 249 миң 271ге жогорулаганын маалымдады.

Португалияда болсо бир суткада 8 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 576га, илдетке чалдыккандардын саны 229 жаңы учур менен бирге 42 миң 141ге жетти.

8 миң 591 адам каза болгон жана 104 миңден ашык учур катталган Канадада коронавирус пандемиясына байланыштуу 16-мартта башталган чет өлкөлүктөр үчүн өлкөгө кирүү тыюу салуусу 31-июлга чейин узартылды.



Тектеш кабарлар