Түштүк уюлда ысыктык жогорулап баратат

Кайл Клем жана тобу Түштүк уюлдагы метеорологиялык станциянын маалыматтарын иликтеди.

1446236
Түштүк уюлда ысыктык жогорулап баратат

Түштүк уюлунда ысыктыктын глобалдык орточо көрсөткүчтөн үч эсе дагы жогорулаганы такталды.

СННдеги кабарга караганда Жаңы Зеландияда Веллингтон университетинин климаттык билимдер бөлүмүнөн Кайл Клем жана тобу Түштүк уюлдагы метеорологиялык станциянын маалыматтарын иликтеди.

Эмгекте 1989 – 2018 -  жылдарда Түштүк уюлдагы ысыктыктын 1, 8 градуска жакын жогорулаганы, мунун да ар бир 10 жыл үчүн 0,6 градуска өсүү болгонун билдиргени белгиленди.

Клем жана тобу бул көрсөткүчтөрдүн Түштүк уюлдун акыркы 30 жылда дүйнөнүн башка жерлерине караганда үч эсе дагы көп ысыганын белгилегенин билдирди. Эмгекте бул ысыктыктын өсүшүнү Антарктидагаы муз жабуусунун дагы көп ээришине себеп болушу мүмкүн экени маалымдалды.

Иликтөөнүн жыйынтыктары "Nature Climate Change" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар