Ливиянын премьер-министри Эл аралык кылмыш-жаза сотунан комиссия жөнөтүүнү өтүндү

Ливиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мухаммед ал-Каблавинин Твиттердеги билдирүүсүнө ылайык, Сарраж Эл аралык кылмыш-жаза сотунан Хафтер террористтери кылган кылмыштарды иликтөө үчүн шашылыш топ жиберүүгө чакырды.

1445027
Ливиянын премьер-министри Эл аралык кылмыш-жаза сотунан комиссия жөнөтүүнү өтүндү

Ливиянын премьер-министри Фаиз эс-Сарраж, Эл аралык кылмыш-жаза сотунан (UCM) өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Халифа Хафтер менен байланышкан согушкерлер тарабынан кылынган кылмыштарды тез арада иликтөө үчүн шашылыш топ жиберүүнү өтүндү.

Ливиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мухаммед ал-Каблавинин Твиттердеги билдирүүсүнө ылайык, Сарраж, Эл аралык кылмыш-жаза сотунан Хафтер террористтери кылган кылмыштарды иликтөө үчүн шашылыш топ жиберүүгө чакырды.

Жөнөтүлө турган командага керектүү колдоо көрсөтүлөрүн убада кылган Сарраж, окуялардын жазасыз калуусу Хафтер террористтерин Руандадагы жана Босния-Герцеговинадагы геноцид жана нацисттик кылмыштардан бери болуп көрбөгөндөй кылмыштарды жасоого күүлөгөнүн белгиледи.

Билдирүүдө айтылгандай Сарраж, Хафтер террористтери жарандарды, жарандык аэропортторду, иммигранттар жашаган баш калкалоочу жайларды, ошондой эле депутат Сихам Сергиваны Бенгазидеги үйүнөн уурдап кетүүнү согуш кылмыштары жана адамзатка каршы жасалган кылмыш деп атады.

Хафердин согушкерлери депутат Серживаны июль айынан бери белгисиз жерде кармап турушат.

Эл аралык кылмыш-жаза сотунун  башкы прокурору Фату Бенсууда , 22-июнда Ливияда табылган массалык мүрзөлөр "согуш кылмыштары" же "адамзатка каршы жасалган кылмыштарга" далил болушу мүмкүн деп билдирди.

БУУнун Ливияны колдоо миссиясынын(UNSMIL)  24-июндагы  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Ливиядагы окуяларды иликтөө үчүн БУУнун Адам укуктары кеңешине караштуу Ливия Эл аралык изилдөө комиссиясынын түзүлгөнү жарыяланды.



Тектеш кабарлар