Оогастанда Талибан менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыкты

Кундуз губернаторлугунун басма сөз катчысы Эсматулла Мурадинин айтымында, согушкерлер Имам Шахин районундагы Бахмал Коча аймагындагы аскер бекетине кол салгандан кийин жаңжал чыккан.

1444840
Оогастанда Талибан менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыкты

Ооганстандагы Талибан согушкерлери менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы жаңжалда 10 коопсуздук кызматкери каза таап, 14 террорист жок кылынды.

Кундуз губернаторлугунун басма сөз катчысы Эсматулла Мурадинин айтымында, террористтер Имам Шахин районундагы Бахмал Коча аймагындагы аскер бекетине кол салгандан кийин жаңжал чыккан.

Жаңжалда 5 коопсуздук кызматкери жана 4 террорист каза болгонун айткан Муради, 1 коопсуздук кызматкери жаракат алганын билдирди.

Талибан азырынча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Ички иштер министрлиги Гор провинциясынын Сагар районунда "Талибан" террористтеринин  куралдуу кол салуусунан үч коопсуздук кызматкери набыт болгонун жарыялады.

Билдирүүдө кол салуудан кийин 14 террорист жок кылынып, 15 террорист жаракат алгандыгы айтылат.

Урузган губернаторлугунун басма сөз катчысы Зилгей Ибади дагы, Талибан террористтеринин Урузган шаарынын борборуна куралдуу жана бомбалуу кол салуусунан эки коопсуздук кызматкери каза болуп, жети коопсуздук кызматкери жаракат алганын айтты.

Ибади кол салуудан кийин кагылышуудан эки террорист өлтүрүлүп, беш террорист жарадар болгонун белгиледи.

Талибан азырынча кол салуулар боюнча эч кандай маалымат жарыялаган жок.



Тектеш кабарлар