Ливандык шиит Туфейл: «Эрдоган Ливиянын ырааттуулугу үчүн аракет кылууда»

Фейсбук баракчасына жарыяланган видеодо Шейх Туфейл, Перс булуңундагы айрым өлкөлөр Египет өкмөтүнүн Ливиядагы мамилесине, Түркияга каршы  Израилдин дагы алардын катарында болгон бир катар мамлекеттер менен кызматташтыгын айыптады.

1444713
Ливандык шиит Туфейл: «Эрдоган Ливиянын ырааттуулугу үчүн аракет кылууда»

Ливандагы шиит аалымдары жана Хезболла уюмунун биринчи баш катчысы Шейх Субхи Туфейли президент Режеп Таййип Эрдоганга каршы Франция, Россия, Италия жана Израилдин жанында турууга болбойт деп билдирди.

Фейсбук баракчасына жарыяланган видеодо Шейх Туфейл, Перс булуңундагы айрым өлкөлөр Египет өкмөтүнүн Ливиядагы мамилесине, Түркияга каршы  Израилдин дагы алардын катарында болгон бир катар мамлекеттер менен кызматташтыгын айыптады.

«Президент Режеп Таййип Эрдоган элдин кызыкчылыгы жана Ливиянын туруктуулугу үчүн күрөшүп жатат»,-деп айткан  Шейх Туфейли : «Эрдоган эмес, Франция, Россия, Италия жана Израиль менен бирге болуу диний жактан туура болбойт, өзү да туура болбойт»,-деди.

Шейх Туфейл ошондой эле сөзүндө Түркиянын Ливияда, Франция жана Израилдин амбицияларына каршы тургандыгын айтты.

Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сиси Ливияда согушканын, ошондой эле жарандык согушту күчөтүп жаткандыгын баса белгилеген ливандык шиит аалымы, Франция, Россия жана Италиянын пландарын эч ким алдын ала айта албай тургандыгын кошумчалады.



Тектеш кабарлар