Ципи Ливни : "Аннекция жаңылыштык болот"

Израилдин мурунку тышкы иштер министри Ципи Ливни өлкөсүнүн Батыш Шериа жерлерин аннексия кылышы чоң тарыхый жаңылыштык болорун айтты.

1444237
Ципи Ливни : "Аннекция жаңылыштык болот"

Израилдин мурунку тышкы иштер министри Ципи Ливни өлкөсүнүн Батыш Шериа жерлерин аннексия кылышы тарыхый чоң жаңылыштык болорун жана аймакта келечекте болушу мүмкүн боло турган тынчтык үмүтүнөн баш тартуу деген мааниге келерин айтты.

Ципи Ливни CNN International телекөрсөтүүсүндө Кристин Аманпурдун коногу болду. Израиль башкаруусунун Батыш Шерианы аннексия кылуу кыймылы тууралуу берилген бир суроого : «Израилдин Батыш Шерианын 30 пайызга жакын жерин аннексия кылышы чындыктагы тынчтык үмүтүнөн баш тартуу деген мааниге келет. Мунун Израилдин пайдасына эмес экенин ойлоп жатам»,- деп жооп берди.

Палестина жана Израиль калкынын тынчтык жана коопсуздук ичинде эки мамлекет катары жанаша жашай ала турганына ишенгенин айткан Ливни : «Мындай бир тараптуу кадамдарды таштоо Израилдин кайтып келиши болбогон бир жерге барышы ал түгүл өтүшү деген мааниге келет. Эки мамлекеттүү тынчтыкка ишенгиле израилдиктер, бул биз үчүн, палестиналыктар жана башкалар үчүн чоң тарыхый жаңылыштык .болот»,- деди



Тектеш кабарлар