Келерки 12 айдын ичинде тест, дарылоо жана вакцина үчүн 31, 3 миллиард долларга муктаждык бар
Ушул кезге чейин 3, 4 миллиард доллар гана чогултулган.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДСУ) жетекчилигиндеги жаңы тип коронавирус менен күрөшүү коалициясы келерки 12 айдын ичинде тест, дарылоо жана вакцина үчүн 31, 3 миллиард долларга муктаждыктын болорун билдирди.
Башкы директор доктор Тедрос Абхамон Гебрейсус да катышкан видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн иш чарада "ACT-Accelerator" программасынын атайын өкүлү Нгози Оконджо-Ивеала сөз сүйлөп : «Төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө диагноз коюу жана дарылоо үчүн 12 айдан ашуун бир убакытка, вакциналар үчүн да 18 айга муктаждык бар»,- деди.
Дүйнө банкынын мурунку төрага орун басары да болгон Нгози Оконджо-Ивеала коалициянын вирус менен күрөшүүнүн негизинде келерки 12 айдын ичинде тест, дарылоо жана вакцина үчүн 31, 3 миллиард долларга муктаж экенин, ушул кезге чейин 3,4 миллиард доллар гана чогултулганын билдирди.