Йемен армиясы кээ бир стратегиялык пункттарда текшерүүнү колго алды
Хусилерден болсо бул тууралуу эч бир маалымат келген жок.
Йемен армиясы өлкөнүн түндүгүндөгү Жевф районуна караштуу Ел - Хазм шаарын курчоого алганын жана кээ бир стратегиялык аймактарда текшерүүнү колго алганын жарыялады.
Йемен армиясына караштуу "September Net" сайтында орун алган кабарга караганда 6 - Аскердик аймак командири, армиянын генералы Эмин ел - Ваили армия бөлүктөрүнүн Иран колдогон хусилердин текшерүүсүyдөгү Ел - Хазм шаарын курчоого алганын белгиледи.
Акыркы күндөрдө Жефв районунда стратегиялык мааниге ээ кээ бир аскердик пункттарда да текшерүүнү колго алышкандарын айткан Ваили чыккан кагылышууларда хуси куралдуу күчтөрүнөн ондогон өлүү жана жаралуунун бар экенин, куралдуу күчтөргө таандык аскердик унаалардын жардырылганын маалымдады. Хусилерден болсо бул тууралуу эч бир маалымат келген жок.