Жо Байден 3 штаттан утуп чыкты

Дональд Трамп сурамжылоолордо  демократ атаандашы Жо Байденден 14 балл артта калды.

1443019
Жо Байден 3 штаттан утуп чыкты

 АКШнын Нью – Йорк, Кентуки  жана Виржиния штаттарында демократтардын арасында өткөрүлгөн алдыңкы шайлоодо мурунку вице  - президент Жо Байден алдыга чыкты.

Associated Pressтин расмий болбогон билдирүүсүндө Кентукиде жеңишин жарыялаган Жо Байден Нью – Йорк жана Виржинияда да утуп чыкты.

Демократтар расмий түрдө президенттикке талапкерлерин 17 -  август жумасында Висконсин аймагына караштуу Милуоки шаарында билдирет.

Республикачыл партиянын азыркы президенти Доланльд Трампты талапкер катары көрсөтө турган конгресс 24 – 27 -  август күндөрү өткөрүлөт.

Өлкөдө 2020 -  жылы 3 -  ноябрда өткөрүлө турган шайлоодон утуп чыга турган ысым 2021 -  жылы 20 -  январда Ай үйдө президенттик орундукка отурат.

Бир тараптан Дональд Трамп сурамжылоолордо  демократ атаандашы Жо Байденден 14 балл артта калды.

Нью Йорк Таймс  менен  Siena College тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда демократтардын бир гана талапкери Байденге колдоо 50 пайызга жетсе Дональд Трамп 36 пайыз менен атаандашынан 14 балл артта келе жатат.

Байденге эң көп аялдар, кара жана испан шайлоочулар колдоо берип, Трамп болсо жаңы тип коронавирус эпидемиясы жана расистикке каршы митингдерге карата мамилесинен улам шайлоочулардын колдоосун жоготту.

45 жашка чейинки ак шайлоочулардын 52 пайызы Байденге колдоо көрсөтсө, 30 пайызы Дональд Трампты колдогонун айтышты.



Тектеш кабарлар