ПБУ Израилге эл аралык тергөө иши ачылуусун өтүндү

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму (ПБУ) Израилдин палестиналык 2 жаш уланды шейит кылганы боюнча эл аралык териштирүү башталышын өтүндү.

1443131
ПБУ Израилге эл аралык тергөө иши ачылуусун өтүндү

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму (ПБУ) Израилдин палестиналык 2 жаш уланды шейит кылганы боюнча эл аралык териштирүү башталышын өтүндү.

ПБУнун Сүйлөшүү иштери департаментинин жазуу түрүндөгү жарыясында, 32 жаштагы аутизм менен ооруган жигит Ияд Хайри Халлак жана 27 жаштагы Ахмед Мустафа Урейкаттын шейит кылынышы эске салынып, Израилдин палестиналыктарга атайылап жана мыйзамсыз жасаган кылмыштарына каршы эл аралык тергөө ишин ачуу талап кылынды.

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму (ПБУ) Израилдин палестиналык 2 жаш уланды шейит кылганы боюнча эл аралык териштирүү башталышын өтүндү.

Билдирүүдө палестиналыктарга жана алардын жерлерине каршы жасалган кылмыштар Израилдин "кол тийбестигинин" натыйжасы экени баса белгиленди.

Израиль, аутизм менен ооруган жигит  Халлакты 30-майда басып алуусу астындагы Чыгыш Кудстун эски шаарындагы Аль-Эсбат (Арстандуу) дарбазасында жана 27 жаштагы Урейкатты болсо шейшемби күнү Чыгыш Кудстун Абу Дийс шаарына жакын жерде «унаалуу кол салуу аракетин кылды» деген шылтоо менен атып өлтүрүп салган.



Тектеш кабарлар