Европа Биримдиги Түркиядагы качкындарга кошумча каражат берет

Европа парламенти сунушту карап чыкты.

1442731
Европа Биримдиги Түркиядагы качкындарга кошумча каражат берет

Европа Парламентинин Бюджет боюнча комитети, Түркиядагы качкындарды колдоо программасынын 485 миллион евролук кошумча каражат менен камсыздалышын бекитти.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселге чогулган Европа Парламентинин Бюджет комитети, сириялык качкындарды кабыл алган Түркия, Иордания жана Ливанга кошумча колдоо сунушун талкуулашты.

Жыйындын аягындагы добуш берүүдө Европа Комиссиясынын сунушу 33 "Макул", 4 "Каршы" жана 3 "Калыс" добуштары менен кабыл алынды.

Сунушка ылайык, Түрк Кызылайы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк  программасы тарабынан Түркиядагы качкындар үчүн жүргүзүлгөн Социалдык шайкештик боюнча жардам программасынын алкагында таркатылган Кызылай карточкаларына жана сириялыктар менен берки качкын балдардын билим алууларын үзгүлтүккө учуротпоого багытталган Шарттуу билим берүү жардамы программасына жалпы 485 миллион евролук каражат өткөрүлүп берилет.

ЕБ ошондой эле Иордания жана Ливандагы качкындардын ден-соолугу жана билим алуусу үчүн ар кандай долбоорлорго 100 миллион евро берет.

Сунуштун күчүнө кириши үчүн Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясынын жана ЕБ мүчө мамлекеттердин макулдугу талап кылынат.



Тектеш кабарлар