Мексикада катуу жер титирөө болду

Тереңдиги 5 км болгон жер титирөөнүн очогу Оаксакага караштуу Койул шаарынан 9 чакырым батышта экендиги аныкталды.

1441895
Мексикада катуу жер титирөө болду

Мексиканын түштүгүндөгү Оаксака аймагында болгон 7,5 баллдык жер титирөөдөн алгачкы белгилөөлөргө караганда 2 адам көз жумду.

Тереңдиги 5 км болгон жер титирөөнүн очогу Оаксакага караштуу Койул шаарынан 9 чакырым батышта экендиги аныкталды.

Мексиканын Улуттук сейсмология кызматы (SSN) 7,5 баллдык жер титирөөдөн кийинки 2 жарым саатта 147 жер титирөө катталганын жарыялады.

Американын Геологиялык изилдөө борбору (USGS) жер титирөөнүн магнитудасын 7,7 деп түшүндүрүп, Мексика, Гватемала, Гондурас, Сальвадор үчүн цунами эскертүүсүн берди.



Тектеш кабарлар