СOVID-19: Батыш өлкөлөрү

Коронавирустун жайылуусу токтой элек.

1438955
СOVID-19: Батыш өлкөлөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 455 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 546 миңден ашты. Ал эми 4 миллион 497 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

АКШда пандемиядан 120 миң 943 адам каза болуп, 2 миллион 255 миңден ашуун кишиде вирус аныкталды. Өлкөдө Ковид-19га каршы чара көрүүлөр жеңилдетилгенден кийин Техас, Флорида жана Аризона менен бирге 20дан ашуун штатта, вирусту жуктурган жаңы учурлардын саны рекорддук деңгээлде көбөйө баштады.

Ковид-19дун себебинен акыркы 24 саатта 66 адам каза болуп жалпы 34 миң 514кө жеткен Италияда вируска чалдыккандардын саны 824кө кыскарып 23 миң 101 болду.

Францияда коронавирустун себебинен бир күндө 28 киши көз жумуп жалпы каза тапкандардын саны 29 миң 603кө жеткен өлкөдө, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 467ге көбөйүп 196 миң 46 болду.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада каза тапкандардын санынын 52 экенин билдирди. Каза болгондордун жалпы саны 7-июндан бери 27 миң 136 бойдон экендиги белгиленген өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны 143 жаңы учур менен бирге 245 миң 268ге жогорулады.

Португалияда болсо акыркы 24 саатта бир киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 524кө, илдетке чалдыккандардын саны 417 жаңы учур менен бирге 38 миң 89га жетти.

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо Ковид-19дун себебинен акыркы 24 саатта 80 киши каза болуп жалпы 4 миң 87ге жетти. Вируска чалдыккандардын саны болсо 607 жаңы учур менен бирге 49 миң 97ге жогорулады.



Тектеш кабарлар