Дүйнө жүзүндө коронавирус дагы деле жайылып жатат

Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

1437464
Дүйнө жүзүндө коронавирус дагы деле жайылып жатат

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 446 миң 193төн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 266 миң 476дан ашты. Ал эми 4 миллион 323 миң 357ден ашуун  киши илдеттен айыкты.

Коронавирустан 119 миң 132 киши көз жумган АКШда карылар үйлөрүндө каза болгондордун саны 50 миңден ашкандыгы, бул сандын өлкө боюнча вирустан келип чыккан 116 миң өлүмдүн 40 пайызын түзгөндүгү белгиленди.

Бир күндүн ичинде 233 киши көз жумуп каза тапкандардын жалпы саны 41 миң 969га жеткен Англияда вирусту жуктургандардын саны 1 миң 279га көбөйүп 298 миң 136га жогорулады.  

Ковид-19дун себебинен акыркы 24 саатта 34 адам каза болуп жалпы 34 миң 405ке жеткен Италияда вируска чалдыккандардын саны 24 миң 569 болду.

Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта ооруканаларда 38, карылар үйлөрүндө 73 киши көз жумду. Каза тапкандардын жалпы саны 29 миң 547ге жеткен өлкөдө, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 344кө көбөйүп 195 миң 121 болду.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада каза тапкандардын санынын 25 экенин билдирди. Каза болгондордун жалпы саны 27 миң 136 бойдон экендиги белгиленген өлкөдө 76 жаңы учур катталып вирусту жуктуруп алгандардын саны 244 миң 328ге жогорулады.

Португалияда акыркы 24 саатта 2 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 522ге, илдетке чалдыккандардын саны 300 жаңы учур менен бирге 37 миң 336га жетти.

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Бразилия 45 миң 456, Мексика 18 миң 310, Канада 8 миң 213, Перу 7 миң 56, Нидерландия 6 миң 70, Швеция 4 миң 939, Эквадор 3 миң 970.



Тектеш кабарлар