Америкалыктар акыркы 50 жылдын эң бактысыз мезгилин жашап жатат

Америкалыктардын 58 пайызы келерки муундардын дагы жакшы турмуштук стандарттарга ээ болбой турганын ойлойт.

1437751
Америкалыктар акыркы 50 жылдын  эң бактысыз мезгилин жашап жатат

Жүргүзүлгөн бир сурамжылоого караганда америкалыктар акыркы жарым кылымдын эң бактысыз учурларын жашап жатат.

Чикаго университетинин улуттук пикир изилдөө борбору тарабынан 2 279  кишинин катышуусунда 21 – 29 -  майда жүргүзүлгөн сурамжылоодо өткөн жылы «абдан бактылуу» экенин айткандардын катнашы 31 пайыз болсо бул жылы ошол эле жоопту бергендердин катнашы 14 пайыз болду.

Өзүн жалгыз сезгенин айткандардын катнашы 23 пайыздан 50 пайызга чыкты. Сурамжылоого караганда америкалыктар акыркы 50 жылдын эң бактысыз мезгилин жашап жатат.

Америкалыктардын 58 пайызы келерки муундардын дагы жакшы турмуштук стандарттарга ээ болбой турганын ойлойт.



Тектеш кабарлар