Түштүк Кореядан Түндүк Кореяга эскертүү

Түндүк Корея Кореялар арасы бир байланыш бюросунун имаратын жардырганын ырастады.

1437275
Түштүк Кореядан Түндүк Кореяга эскертүү

Түштүк Корея Кореялар арасы  бир байланыш бюросун жардырган Түндүк Кореяга абалды дагы да начарлата турган болсо күчтүү түрдө жооп кайтарарын жарыялады.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда президенттиктин Улуттук Коопсуздук Кеңешинин директор орун басары Ким Юн Гуэн Түндүк Кореянын байланыш бюросун жардыруусу менен президенттик сарайынын "Cheong Wa Daeде"өткөрүлгөн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийин пресс  - жыйын өткөрдү.

Ким : «Өкмөт (Түштүк Корея)Түндүк Кореянын  Кореялар арасы бир байланыш бюросунун имаратын жардыруусунан тынчсызданууда. Түндүк Кореяны абалды дагы да начарлата турган бир кыймылда боло турган болсо буга күчтүү түрдө каршылык көрсөтүрүбүз тууралуу катуу түрдө эскертебиз»,- деди.

Жок кылуунун Кореялар арасы карым  - катнаштын өнүгүшү жана Корея жарым аралында тынчтыктын түзүлүшүн каалагандардын күтүүлөрүнө  кыянаттык  кылган мамиле болорун баса белгилеген Ким бул мамиледен улам чыгышы мүмкүн болгон бардык нерсенин жоопкерчилигинин толугу менен Түндүк Корея тарабында экендигин ачыкча белгилешкендерин айтты.

Түндүк Корея Кореялар арасы бир байланыш бюросунун имаратын жардырганын ырастады.

Айрым эксперттердин айтымында, Түндүк Корея Сеул администрациясынын АКШнын (АКШ) санкцияларынын айынан жалпы экономикалык долбоорлорду ишке ашыра албай жатканына нааразы.

 

 

 



Тектеш кабарлар