Коронавирус: Өлүм коркунучун азайткан дары

"Дексаметазон" аттуу дарынын Ковид-19да өлүм коркунучун азайткандыгы белгиленди.

1437219
Коронавирус: Өлүм коркунучун азайткан дары

Улуу Британияда жасалган тесттерде стероиддик дарынын коронавирустун жаңы түрү менен катуу ооругандардын өмүрүн сактап калууга жардам берээри айтылды.

Оксфорд университетинде жүргүзүлгөн сыноолордо, арзан жана оңой эле табылган "Дексаметазон" аттуу дарынын Ковид-19да өлүм коркунучун азайткандыгы белгиленди.

Бул препарат менен дарылоодо, дем алуу аппаратына туташкан бейтаптарда өлүмдүн деңгээли үчтөн бирге, стандарттуу кычкылтек терапиясын алгандарда бештен бирге азайгандыгы байкалды.

Адистер белгилегендей, аз дозадагы стероиддик терапияда бул коркунучтуу вируска каршы күрөшүүдө олуттуу жылыш болду.

Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок болсо бүгүндөн тарта Ковид-19 оорулуусуна Дексаметазон бериле тургандыгын жана мындай дарыдан 200 миң даана бар экендигин билдирди.

Экинчи жагынан Би-Би-Си телекөрсөтүүсүнүн жаңылыктарында ооруну жеңил өткөргөндөрдө бул дарынын жараксыз экендиги, андыктан аларды топтоонун кажети жок экендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар