БУУ Израилдин аннексия планына катуу каршылык көрсөттү

БУУнун Адам укуктары кеңешинин алкагында кызмат кылган 47 адам укуктары боюнча адиси жана атайын рапортер, Израилдин аннекция планы тууралуу акыркы жылдардын эң катуу билдирүүсүнө кол койду.

1437268
БУУ Израилдин аннексия планына катуу каршылык көрсөттү

БУУнун адам укуктары боюнча адистери, Израилдин басып алуусу астындагы Батыш Шерианын бир бөлүгүн аннексиялоо планынын эл аралык эреженин ачык бузулушу түшүгүн бергенин баса белгилеп, эл аралык коомчулуктун Израилди жоопко тартуу чакырыгын салды.

БУУнун Адам укуктары кеңешинин алкагында кызмат кылган 47 адам укуктары боюнча адиси жана атайын рапортер, Израилдин аннексия планы тууралуу акыркы жылдардын эң катуу билдирүүсүнө кол койду.

Биргелешкен билдирүүдө Израилде жаңы коалиция өкмөтүнүн басып алуу астындагы Батыш Шерианын «маанилүү» бөлүмүн 1-июлдан тарта аннексиялаш үчүн келишимге жетишилгени эске салынып, мунун эл аралык эреженин «пайдубалынын» бузулушу түшүнүгүн бергенин баса белгиледи.

Аннекциялоонун эл аралык эреженин ачык түрдө бузулушу болгонун баса белгилеген билдирүүдө, 53 жылдык Израиль басып алуусунун Палестина калкына карай терең адам укуктарынын бузулушунун булагы болгону БУУ тарабынан көп жолу эскертилди.

Эл аралык коомчулуктун Израилдин аннексиялоосуна каршы чыгуусу жана саясий жоопкерчилигин орундатышы боюнча чакырык салган билдирүүсүндө, «Жооп берүүчүлүктүн болушу жана жазасыз калуунун соңуна чыгарылышы эл аралык коомчулук үчүн шашылыш приоритет болушу зарыл»,делди.



Тектеш кабарлар