Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнөнү тооруп алган коронавирус

1436643
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 437 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 68 миңден ашты. Ал эми 4 миллион 175 миңден ашуун  киши илдеттен айыкты.

АКШда коронавирустан 117 миң 865 миң киши көз жумду, 2 миллион 162 миң 896 кишиде вирус аныкталды.

34 миң 371 киши каза тапкан Италияда вируска чалдыккандардын саны 25 миң 909га жетти.

 Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта көз жумган 29 киши менен бирге илдеттен каза тапкандардын саны 29 миң 436га жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 152ге көбөйүп 194 миң 777ге жогорулады.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги бир жумада 25 кишинин каза тапканын билдирди. Каза болгондордун жалпы саны 27 миң 136 бойдон экендиги белгиленди. Өлкөдө 40 жаңы учур катталып вирусту жуктуруп алгандардын саны 244 миң 109га жогорулады.

Португалияда акыркы 24 саатта 3 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 520га, илдетке чалдыккандардын саны 346 жаңы учур менен бирге 37 миң 36 жетти.



Тектеш кабарлар