Дүйнөдө COVID-19дан каза тапкандардын саны 432 510дон ашты

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 432 миң 510дон, вирусту жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 874 миңден ашты.

1435617
Дүйнөдө COVID-19дан каза тапкандардын саны 432 510дон ашты

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 432 миң 510дон, вирусту жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 874 миңден ашты. Ал эми 4 миллион 44 миңден ашуун  киши илдеттен айыкты.

4 миң 634 адам өлүп, эпидемия биринчи жолу пайда болгон Кытайда Кытайдын борбору Пекинде коронавирустун жаңы учурлары аныкталган базар жабылгандан кийин 57 адамдан Ковид-19 табылды. Базардын жанындагы спорт аянтчаларында иш-чаралар токтотулду. Айрыкча эт азыктарын текшерүү башталды. Базарга жакын 11 отурукташкан жерде коменданттык саат ишке ашырыла баштады. 30-майдан кийин базарга барган жана базарга жакын жерлерде жашаган 10 миңден ашуун шаар тургунуна Ковид-19 тести жасалат. Айрыкча ар башка деңгээлдерде 9 мектепте билим берүүгө тыныгуу берилди. Шаардын Хайдиан аймагында болсо «согуш абалы өзгөчө кырдаалга» өтүлдү.

Ковид-19дан каза болгондордун саны Кувейтте 289га, Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) 288ге жетсе, Катарда 828 жаңы диагноз менен 78 миң 416 адам инфекцияга чалдыгып, каза болгон адамдардын саны 70ке жетти.

Сауд Арабиясында эпидемиядан улам каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 39га көбөйүп 932ге, ал эми илдетти жуктургандардын саны 3 366 көбөйүү менен 123 миң 308 адамга жетти.

300 киши каза тапкан, 18 876 жуктурган учур катталган Израилде, премьер-министр Беньямин Нетаньяху жагаган үйдө кызмат кылган 3 жан сакчыда Ковид-19 аныкталды. Сөз болгон жан сакчылардын Премьер-министрлик резиденциясынын тышында кызмат кылганы жана Нетаньяху менен жакын байланышы болбогону айтылды.

Иракта жаңы типтеги коронавирустун себебеинен акыркы 24 саатта 53 киши каза болду. Өлкөдө пандемия жайыл абштаган күндөн бери алгач ирет бир күндө эң жогорку өлүм катталып, 1180 кишинин тест жыйынтыктары позитив болуп чыгышы менен жуктурган учурлардын саны 18 950гө жогорулады.

Пандемиянын себебеинен 1139 киши каза тапкан 84 миң 379 жуктурган учур катталган Бангладеште өкмөт, өлүм жана жуктурган учурлардын артышынын себебеинен мындан мурда жалпы өлкөдө мечит, чиркөө, ибадаткана жана башка диний ибадатканаларга жоюлган чектөөлөрдүн кайрадан күчүнө киргизилгени жарыяланды.

Африка континентинде 6 миң 281 адам каза болуп, Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 235 миңден ашты. Эң көп жоготуулар Египетте байкалып, 1484 адам көз жумган. Андан кийин 1 423 миң адам менен Түштүк Африка Республикасы, 760 адам менен Алжир, 447 адам менен Судан жана 407 менен Нигерия турат. Сейшеллде Ковид-19 бейтаптары катталган жок, аны менен катар Эритреяда, Угандада, Намибияда жана Лесотодо дагы ушул убакка чейин бир дагы адам каза болгон жок.

48 киши вирустун себебеинен каза тапкан Ганада, саламаттыкты сактоо министри Кваку Агеман-Мануга жасалган Ковид-19 тести позитив болуп чыкты.



Тектеш кабарлар