СOVID-19: Батыш өлкөлөрү

Коронавирус дүйнөнү тооруп алды.

1434890
СOVID-19: Батыш өлкөлөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 424 миң 750дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 637 миңден ашты. Ал эми 3 миллион 865 миңден ашуун  киши илдеттен айыкты.

Пандемиядан каза тапкандардын саны 116 миң 63кө жеткен АКШда, вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 89 миң 825ке жетти.   

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда илдеттен бир күндө 202 адам каза болуп жалпы 41 миң 481ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 1 миң 541 жаңы учур менен бирге 292 миң 950 болду.

Италияда Ковид-19дун айынан көз жумгандардын саны бир күндө 53кө көбөйүп 34 миң 167ге жогорулады. Инфекцияга чалдыккандардын саны 1 миң 73кө кыскарып 30 миң 637ге түштү. Өлкөдө 379 жаңы учур катталып жалпы жуктуруп алгандардын саны 236 миң 142 болду.

Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта көз жумган 27 киши менен бирге илдеттен каза тапкандардын саны 29 миң 346га жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 545ке көбөйүп 192 миң 966га жогорулады.

Испанияда төрт күндөн бери коронавирустун жаңы түрү боюнча өлүм катталган жок. Каза болгондордун саны 27 миң 136 бойдон экени белгиленди. Бир жуманын ичинде көз жумгандардын саны болсо 32 деп билдирилди. Өлкөдө 156 жаңы учур катталып вирусту жуктуруп алгандардын саны 242 миң 707ге жогорулады.

Португалияда акыркы 24 саатта 7 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 504кө, илдетке чалдыккандардын саны 310 жаңы учур менен бирге 35 миң 910го жетти.

Перуда бир күн күндө 206 кишинин каза болушу менен бирге жалпы сан 6 миң 109га, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миң 965ке көбөйүп 214 миң 788ге жогорулады.

Мексикада коронавирустун себебинен көз жумгандардын саны 15 миң 944кө, Бразилияда болсо 40 миң 919га жетти.

102 киши каза тапкан Австралияда жалпы 7 миң 297 кишиде вирус аныкталды. Германияда илдеттен каза болгондордун саны 8 миң 851ге, вируска чалдыккандардын сан 186 миң 795ке жогорулады.



Тектеш кабарлар