БУУ Ливия тууралуу жыйналыштардын үчүнчү айлампасы болуп жатканын жарыялады

Бул тууралуу БУУнун Ливияны колдоо миссиясынын(UNSMIL)  социалдык медиа тармагы Твиттер барагынан маалымат берилди.

1433813
БУУ Ливия тууралуу жыйналыштардын үчүнчү айлампасы болуп жатканын жарыялады

БУУ, Ливияда ок атпоону камсыздоону максаттаган жана 5+5 форматында өткөн биргелешкен аскердик комитет жыйналыштарынын үчүнчү айлампасы видео конференция ыкмасы менен уланып жатканын жарыялады.

БУУнун Ливияны колдоо миссиясынын(UNSMIL)  социалдык медиа тармагы Твиттер барагынан берилген маалыматта, Ливия өкмөтү жана өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери козголоңчу Халифе Хафтер делегациясы(LNA)  менен сүйлөшүүлөрүнүн башталышына канагаттанганы айтылды.

Анда, 5+5 форматында уюштурулган биргелешкен аскердик комитет жыйналыштарынын үчүнчү айлампасында 3-июнда Хафтер делегациясы менен 9-июнда Ливия өкмөтүнүн делегациясы менен видео конференция форматында жыйналыш өткөрүлгөнү баяндалды.

БУУнун Ливияны колдоо миссиясынын(UNSMIL)  2-июнда болгон маалыматында Ливия өкмөтү менен өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Хафтердин ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоону кабыл алганын жарыялаган.

Ливия кризиси тууралуу мындан мурда 3 башка сүйлөшүү үстөлү курулган болчу. Бирок Хафтердин макулдашкыс мамилесинин себебинен сүйлөшүүлөрдө так жылыш болгон эмес.



Тектеш кабарлар