Тель Абядда бомбалуу кол салуу болду
Кол салууда Сирия Улуттук Армиясынын 3 аскери жараланды.
1433253
Сириянын түндүгүндө оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы Тель Абяд районунда Сирия Улуттук Армиясына таандык унаага жайгаштырылган бомба жардырылып Сирия Улуттук Арамиясынын 3 аскери жараланды.
«Тынчтык булагы» менен террордон тазаланган Тель Абяддын Сулук аймагынын жолунда Сирия Улуттук Армиясына таандык унаада жарылуу болду. Унаа жылып бара жатканда болгон жарылууда 3 Сирия Улуттук Армиясынын аскери жараланды.
Жараланган аскерлер жакын жердеги ооруканага жаткырылды.
Окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөн жергиликтүү коопсуздук күчтөрү кол салуунун ПКК террордук уюму тарабынан жасалганына токтолушууда.