БУУ азык-түлүк коопсуздугу боюнча эскертти
Антонио Гутерриш билдирүү жарыялады.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриштин азык-түлүк коопсуздугу боюнча эскертүүсү ...
Гутерриш азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө жарыялаган видео-билдирүүсүндө 7,8 миллиард болгон дүйнө калкын азыктандырууга жетиштүү азык-түлүк бар болгонуна карабастан, коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурганын айтты.
Дүйнө жүзү боюнча 820 миллиондон ашуун адамдын ачкачылыкта жашаганын жана ар бир беш баладан бирөөнүн жетишсиз тамактануунун себебинен өсүшүнүн начарлаганын белгилеген Гутерриш: «Азык-түлүк системаларыбыз бузулуп жатат жана» «Ковид-19» пандемиясы кырдаалды ого бетер оорлотууда»,-деди.
Антонио Гутерриш: «Пандемиядан улам 49 миллион адам өтө жакырчылыкка кабылышы мүмкүн. Азык-түлүк коопсуздугу жок адамдардын саны тездик менен көбөйөт»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.