АКШда болгон окуялар

Борбор шаар Вашингтон аймагына жиберилген күчтөр казармаларына кайтышууда.

1430546
АКШда болгон окуялар
abd siyahlarin hayati onemli yazisi.jpg
donald trump.jpg
abd askeri washington.jpg

АКШда Африка тектүү Жорж Флойддун Миннесотада полициянын зомбулугу менен өлтүрүлүшүнөн кийин башталган окуялардан улам


Коргоо министрлиги Вашингтон жакындарына жайгаштырылыган 900 аскер жана аскердик полицияга базаларына кайтуубуйругун берди.

Ошол эле учурда президент Дональд Трамп аймактын губернаторлоруна Жорж Флойддун өлтүрүлүшүнөн кийин болгон зомбулуктарга карата : «Улуттук гвардияны кызмат кылууга чакырасыздар деп ойлойм. Бул үчүн мага телефон чалуудан тартынбаңыздар. Кудум Миннеаполисте болгондой ылдам түрдө аракетке өтө алабыз»,- деди.

Трамп Ак үйдүн короосунда өткөргөн пресс- жыйынында өлкөнүн күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Трамп Африка тектүү калкка карата ташталган кадамдар тууралуу : «Кара коом үчүн эч ким Трамп жасаганчалык көп нерсе жасаган жок»,- деди.

Дональд Трамп : «Жорж Флойд бизди жогору жактан карап, өлкөбүзгө алардын мыкты экенин айтып жаткандыр. Бүгүн ал үчүн мыкты, баары үчүн мыкты бир күн. Бүгүн теңдик жактан да мыкты бир күн»,- деди.

Ошол эле учурда Вашингтондун мэри Мэриэл Баузер Ак үйгө чыккан16 -проспектинин ортосуна чоң тамгалар менен «Кара кишилердин өмүрү маанилүү» деген ураанды жаздырды.

Миннесота аймагында 25 -майда болгон окуяда Африка тектүү Жорж Флойд камоого алынып жатып «дем ала албай жатам» дегенине карабастан полициянын желкесинен басышы менен каза болгон. Бул окуя болгон күндөн бери АКШ шаарларында кээ кээде зомбулуктар да болгон митингдерге жол ачты.



Тектеш кабарлар