Иранга таандык жүк кемеси Иракта чөктү

Кемеден 4 экипаждын куткарылганы билдирилди.

1430020
Иранга таандык жүк кемеси Иракта чөктү

Иранга таандык жүк ташуучу кемесинин Ирак сууларында чөгүшү менен эки киши каза болду.

Иран деңизжана порт операциялары боюнча коопсуздук директору Надир Песенде Мехр маалымат агенттигинде орун алган билдирүүсүндө Хузистан аймагына караштуу Хүрремшехрден Ирактын Ум ел  - Каср портуна барган жүк кемесинин Иран убактысы боюнча саат 03:00дө Ирак сууларында чөккөнүн билдирди.

Эки кишинин каза болгонун, төрт кишинин куткарыла албаганын жана жоголгон экипаждын куткарылышы үчүн да Иран жана Иракка таандык топтордун иштеп жатканын айткан Песенде кеменин Ирандан Иракка 850 тонна керамика материалдарын ташыганын билдирди.

Жергиликтүү медиада чыккан кабарларга караганда Ирактын түштүгүндөгү Перс булуңунун Хор Абдуллах каналынын кире беришинде «Бехбехан» аттуу Иранга таандык кеме азырынча белгисиз бир себеп менен түнкү сааттарда чөккөнү билдирилген болчу.

Ирак медиасына маалымат берген Перс акиминин орун басары жана мурунку транспорт министри Казым Финжан кемеде калган 4 экипаждын куткарылганын башка 5 кишини табуу үчүн операциянын улантылып жатканын билдирген.

 



Тектеш кабарлар