СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндөгү абал

Коронавирус көрсөткүчтөрү.

1429359
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндөгү абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 388 миң 300дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 6 миллион 590 миңден ашты. Ал эми 3 миллион 182 миң 900дөн ашуун  киши илдеттен айыкты.

АКШда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны 109 миң 142ге, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 901 миң 783кө жетти.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда коронавирустан каза тапкандардын саны 24 саатта 359га көбөйүп 39 миң 728ге, вируска чалдыккандардын саны болсо 1871 жаңы учур катталып жалпы 279 миң 856га жетти.

Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта 81 киши көз жумуп жалпы 29 миң 21ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо бир күндө 253кө көбөйүп 189 миң 82 болду..

Пандемия башталгандан бери 27 миң 128 кишинин көз жумганын белгилеген Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги, илдетти жуктургандардын саны 240 миң 326га жогорулаганын билдирди. Парламент болсо коронавирустун пандемиясынын жаңы түрүнө байланыштуу 14-марттан тартып киргизилген Өзгөчө кырдаалды 21-июнга чейин узартууну бекитти. 1-июлдан тартып Испания чектелген жана аймактык чет өлкөлүк туристтерди кабыл ала баштайт.

9 миң 548 адам көз жумган Бельгияда болсо 58 миң 767 кишиде вирус аныкталды.

Канадада коронавирустан акыркы 48 саатта 178 киши каза тапты. Ушундайча жалпы сан 7 миң 558ге жетти.

Бразилияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 32 миң 568 болду. Оксфорд университети тарабынан иштелип чыккан вакцинанын сыноо баскычына Бразилиядан 2000 ыктыярчы катышат. Ошентип, Бразилия "Улуу Британиядан тышкары вакцинаны сынап көргөн биринчи өлкө" болот.

11 миң 729 адам өлгөн Мексикада март айынын аягынан бери жабык болгон курулуш, кен иштетүү, автоунаа тетиктерин өндүрүү, таштандыларды башкаруу жана велосипед сатуу сыяктуу тармактар ​​ кайрадан иштей баштады.



Тектеш кабарлар