Ар бир алты баланын бирөөсү кагылышуу аймактарында жашап жатат

Жакынкы Чыгышта болсо үч баладан бирөөсү кагылышуу болгон аймактарда жашоодо.

1428795
Ар бир алты баланын бирөөсү кагылышуу аймактарында жашап жатат

Жалпы дүйнөдө ар бир алты баланын бирөөсү кагылышуу аймактарында жашап жатат.

Балдарды куткаргыла фондунун «Балдар аркылуу согушту токтот 2020» отчетуна караганда 2018 -  жылы  415 миллион бала кагылышуу аймактарында алардын ичинен 149 миллион бала катуу кагылышуу болгон айтактарда жашоодо.   Бул да дээрлик ар бир алты баланын бирөөсү кагылышуу аймагында жашап жатат деген мааниге келүүдө.

415 миллиондун 170 миллионун Африка материгиндеги балдар түзүүдө.

Африкада төрт баладан бирөөсү кагылышуу аймакта жашап жатат.

Жакынкы Чыгышта болсо үч баладан бирөөсү кагылышуу болгон аймактарда жашоодо.

Отчетко караганда 2010 -  жылдан бери кагылышуу аймактарында жашаган балдардын санында 34 пайыздык, балдарга каршы иштелген кылмыштарда да 170 пайыздык өсүү бар.  

ЮНИСЕФтин билдиргенине караганда 2018 -  жылы 29 миллион бөбөк кагылышуу аймактарында төрөлгөн.

БУУнун чечими менен 1982 – жылы  4 -  июль күнү «Эл аралык кагылышуунун курманы болгон балдар күнү» деп жарыяланды.

Чечим ал мезгилде Израилдин кол салууларына дуушар болгон палестиналык жана ливандык балдар үчүн чыгарылган. Бул чечим менен дүйнөнүн түрдүү аймактарында физиологиялык, аң  - сезим жана руханий жактан кыйноого учураган же өлтүрүлгөн бардык балдардын абалын билдирүү жана болгон окуялардын алдын тосуу үчүн керектүү аң  - сезимди пайда кылуу максат кылынды.

Балдар кичинекей жашта согуш сыяктуу травмалык окуяларга дуушар болгондо бул абал турмушунда туруктуу  психологиялык зыянчылыктарга жол ачууда.

БУУнун билдиргенине караганда балдарга карата жасалган кылмыштар, балдарды согушта колдонуу, өлтүрүү, жыныстык зордуктоо, мектеп жана ооруканаларга кол салуу менен гуманитардык жардамга тоскоол болуу сыяктуу алты негизги кылмыштан турат.

 



Тектеш кабарлар