Конго демократиялык республикасында эболадан 4 киши каза болду
2018 - жылы август айында Конго демократиялык республикасынын чыгышында башталган эпидемияны ушул кезге чейин 3 314 киши жуктуруп, 2025 киши каза болгон
1427710
Конго демократиялык республикасында эболадан 4 киши каза болду.
Саламаттык сактоо министри Етни Лонгондо берген маалыматта өлкөнүн түндүк батышында эбола жуктурган жаңы бейтаптардын бар экенин белгилеп, 4 кишинин эпидемиядан каза болгонун айтты.
Түндүк Киву аймагынын саламаттык сактоо министри доктор Моисе Какуле Канйере 2 жума мурда өлкөдөгү акыркы бейтап дарыланып жаткан Бени аймагындагы эболаны дарылоо борборунан чыккандан кийин эбола эпидемиясынын акырына чыкканын жарыялоо үчүн 42 күнгө созула турган саноону баштаткан.
2018 - жылы август айында Конго демократиялык республикасынын чыгышында башталган эпидемияны ушул кезге чейин 3 314 киши жуктуруп, 2025 киши каза болгон.