Дүйнөдө COVID-19 илдети менен күрөшүү уланууда

Жаңы типтеги коронавирустан (Ковид-19) жалпы дүйнөдө каза тапкандардын саны 371 миң 500дөн ашып, вирус жуктуруп алгандардын саны 6 миллион 196ге жетти.

1426755
Дүйнөдө COVID-19 илдети менен күрөшүү уланууда

 

Жаңы типтеги коронавирустан (Covid-19/Ковид-19) жалпы дүйнөдө каза тапкандардын саны 371 миң 500дөн ашып, вирус жуктуруп алгандардын саны 6 миллион 196ге жетти. Айыккандардын саны 2 миллион 760миңден ашты.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 113кө көбөйүп 38 миң 489га жетти. Жуктуруп алгандардын саны 1936га көбөйүп 274 762 болду. Маданият министри Оливер Довден спорттук мелдештердин бүгүндөн тарта күйөрмансыз түрдө кайрадан баштала турганын жарыялады.

Италияда жаңы типтеги коронавирустун себебеинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 111 кишиге көбөйүп 33 миң 340ка жетти, вирус жуктуруп алгандардын саны да 340ка көбөйүп 232 миң 664кө жогорулады. Бейтаптардын саны болсо 2 484 кишиге кыскарып 43 миң 691ге түштү.

Францияда коронавирус пандемиясында каза тапкандардын саны «ооруканаларда 57 киши» деп жарыяланды. Ушундайча каза болгондордун жалпы саны 28 миң 771ге жетти. Вирус аныкталган кишилердин саны болсо 1828ге көбөйүп 225 миң 898ге жогорулады.

Испанияда Ковид-19дун себебинен акыркы 24 саатта 4 киши каза таап 27 миң 125 деп жарыяланды. Жуктуруп алгандардын санынын 271ге көбөйгөнү, 239 миң 228ге жеткени маалымдалды. Испанияда автономиялуу башкаруу өкмөттөрү жарыялаган дагы көп өлүм жана жуктурган учурлар, Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөткүчтөрү менен дал келбей жатат.

Португалияда Ковид-19дун себебинен акыркы 24 саатта 13 кишинин каза табышы менен жалпы каза болгондордун саны 1396га жеткени жарыяланды. Өлкөдө 257 жаңы жуктурган учур катталып, инфекцияга чалдыккандардын саны болсо 32 миң 203 деп жаңыланды.

Латын Америкасында эң көп жуктурган жана өлүм катталган Бразилияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы  28 миң 849га жетти, жуктуруп алгандардын саны болсо 33 миң 234кө көбөйүп 499 миң 966га жогорулады.

Мексикада болсо каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 364 кишиге көбөйүп 9 миң 779, жуктуруп алгандардын саны болсо 2 миң 885ке көбөйүп 87 миң 512 болду.

.Каза болгондордун саны 7 миң 136, инфекцияга чалдыккандардын саны 90 миң 190ко жеткен Канадада, Федералдык транспорт министри Марк Гарно, Ковид-19 пандемиясына каршы көрүлгөн чаралардын алкагында 100дөн ашуун жүргүнчүсү болгон кемелердин өлкөнүн сууларына кирүүсүнө тыюу салуунун 31-октябрга чейин узартылганын айтты.

Ушул убакка дейре 22 киши вирустун себебеинен каза болгон Уругвайда бир жыйналышка катышкан кишиде Ковид-19 аныкталышынан кийин өзүн карантинге алган мамлекеттик министр Луис Лакалле Пунун тести негатив болуп чыкты.

Берки айрым өлкөлөрдөгү каза болгондордун саны мындай;

Бельгияда 9 546, Германияда 8 600, Нидерландияда 5 956, Швецияда 4 395, Перуда 4 371, Эквадордо 3 334, Швейцарияда 1 919, Ирландия 1 651, Польшада 1 061, Чилиде 997, Колумбияда 890 жана Сингапурда 23.



Тектеш кабарлар