Боинг 737 MAXты кайрадан өндүрө баштаганын билдирди
Боингдин эки учак кырсыгында 346 жүргүнчүнүн каза болушу менен 2019 - жылы 737 MAX моделиндеги учактардын учушуна тыюу салган.
АКШнын учак өндүрүүчүсү Боинг январь айында токтоткон 737 MAX моделиндеги жүргүнчү учактарынын өндүрүшүн кайра баштаганын жарыялады.
Фирманын интернет сайтында орун алган кабарда : «Боинг акыркы айларда 737 MAXты өндүрүү үчүн маанилүү жолду басып өттү. Фирмабыздын бул процессте Федералдык авиация башкаруусу жана башка глобалдык тартипке салуучулар менен иштей баштады»,- деп билдирилди.
Фирманын акыркы эки трагедиялуу кырсыктын оор жүгүн алигиче алып жүргөнү баса белгиленген маалыматта : «Бул кырсыктардан таасирленгендердин муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн 100 миллион долларлык жардам фондун түздүк»,- деп билдирилди.
Боингдин эки учак кырсыгында 346 жүргүнчүнүн каза болушу менен 2019 - жылы 737 MAX моделиндеги учактардын учушуна тыюу салган.