Россиянын Су - 35 учактары АКШга таандык бир П – 8А моделиндеги чалгындоо учагынын жолун тороду
Апрель айында да орус учактары эки жолу Американын чалгындоо учактарына тоскоол болгон.
1424263
Россиянын Су - 35 учактары Чыгыш Жер Ортолук деңизинин үстүндө АКШга таандык бир П – 8А моделиндеги чалгындоо учагынын жолун тороду.
АКШ деңиз флотунан берилген маалыматта акыркы эки айда Россиянын үчүнчү жолу Алтынчы флотко караштуу чалгындоо учактарына кол салганы билдирилди.
Маалыматта : «2020 - жылы 26 - майда АКШ деңиз флоту П - 8А учагы Чыгыш Жер Ортолук деңизде эл аралык аба мейкиндигинде учуп жаткан жана эки орус Су - 35 учагы тарабынан 65 минута жолу тосулду. Орус учкучтары П - 8А учагынын эки канатына жакындап П - 8Анын кыймылдарын чектегендиктен бул ишенимдүү жана профессионал болбогон кыймыл катары белгиленди»,- деп билдирилди.
Апрель айында да орус учактары эки жолу Американын чалгындоо учактарына тоскоол болгон.