Дүйнө жүзүндө Covid-19дун себебинен каза болгондордун саны 352,600дөн ашты

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 352 миң 600дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 704 миңден ашты.

1424532
Дүйнө жүзүндө Covid-19дун себебинен каза болгондордун саны 352,600дөн ашты

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 352 миң 600дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 704 миңден ашты. Ал эми 2 миллион 447 миң 400дөн ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда вирустан каза тапкандардын саны 100 миң 686дан ашты. Ооруга чалдыккандардын саны 1 миллион 728 миң 964кө жеткен өлкөдө, аптанын аягында өткөрүлө турган «Эскерүү күнү» (Memorial Day) иш-чараларынын себебинен бул сандын көбөйүшү мүмкүн деп эскертилди. Бир тараптан пандемиянын таасири азайган Нью-Йоркто учурда АКШда пандемиядан эң көп таасир алган аймак болууну улантууда. Ушул убакка дейре 29 миң 451 киши каза болгон штатта 373 миң 622 жуктурган учур катталды. Нью-Йорктон кийин 157 миңден ашуун жуктурган учур катталган Нью-Жерси жана 113 миңден ашуун жуктурган учур катталган Иллинойс турат.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда жаңы типтеги коронавирустун себебинен  каза тапкандардын саны 37 миң 48ден ашса, чыныгы сандын 47 миң 343 болушу мүмкүн экени айтылууда. Өлүм тууралуу документтердеги Ковид-19 каттоосун негиз кылып санаган Улуттук статистика мекемесинин жарыясына караганда 23-майга чейинки вирустан келип чыккан чыныгы каза болгондордун саны 47 миң 343 болгон.

Италияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 78ге көбөйүп 32 миң 955ке жогорулады. Өлкөдөгү бейтаптардын саны болсо 2 миң 358ге кыскарып 52 миң 952ге түштү.

Францияда Ковид-19дун себебинен акыркы 24 саатта ооруканаларда 83 киши каза болсо, картаңдар үйлөрүндөгү өлүм саны жаңыланышы менен каза болгондордун саны 28 миң 530га жетти. Вирус аныкталган киши саны болсо 520га көбөйүп 219 миң 957 болду.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги Ковид-19дан каза тапкандардын санын үч күн мурда 28 миң 752 деп билдирип кайра мурунку күнү 26 миң 834кө түшүргөн болчу. Саламаттык сактоо министрлиги кечээ болсо «акыркы 7 күндө 35 киши каза тапты» деп билдиргенине карабастан жалпы сандын 27 миң 117ге жеткендигин жарыялады. Бир тараптан өлкөдө пандемиянын себебинен каза тапкандардын элесине бүгүндөн тарта 10 күндүк аза күтүү жарыяланып желектер ылдый түшүрүлдү.

Вирустан 5 миң 871 адам көз жумган Нидерландияда, Ковид-19 бейтаптарынын саны  көбөйүп 11 миң 690го, вируска чалдыккандардын саны 45 миң 768ге жетти.

Бразилияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны акыркы 24 сатта 1039га көбөйүп 24 миң 593кө, жуктуруп алган учурлар 16 миң 324кө көбөйүп 391 миң 222ге жеткени жарыяланды.

Айрым өлкөлөрдөгү каза болгондордун көрсөткүчү төмөнкүчө;

Бельгия 9 миң 364, Германия 8 миң 498, Мексика 8 миң 134, Канада 6 миң 639, Швеция 4 миң 125, Перу 3 миң 788, Эквадор 3 миң 203, Швейцария 1915, Ирландия 1615, Португалия 1342, Польша 1024, Чили 806 , Колумбия 776 жана Беларусь 208.

Бир тараптан Европа Биримдиги Комиссиясы Ковид-19дун экономикалык зыяндары менен күрөшүү үчүн 750 миллиард евролук куткаруучу пакет фондунун түзүлүүсүн сунуштады. ЕБ Комиссиясы сунуштаган фонддун пандемиядан эң көп таасирленген ЕБ өлкөлөрүнөн Италияга 81,8 миллиард евролук жардам жана 90,9 миллиард евролук насыя, Испанияга 77,3 миллиард евролук жардам, 63,1 миллиард евролук насыя жана Францияга 38,7 миллиард евролук жардам камсыздалышы пландалууда. Италиянын премьер-министри Жусеппе Конте, ЕБнин Ковид-19дун экономикалык таасирлер менен күрөшүү үчүн сунуштаган 750 миллиард евролук куткаруучу пакетин оң деп тапканын билдирди.



Тектеш кабарлар