Афганстандагы Америка аскерлеринин чыгары айтылууда

New York Times гезитинин кабарында аскердик жетекчилердин келерки күндөрү Трампка Афганстандан чыгуу тууралуу брифинг берери ортого салынды.

1424258
Афганстандагы Америка аскерлеринин чыгары айтылууда

 АКШнын президенти Дональд Трамптын Афганстандагы бардык Америка аскерлерин чыгарууну пландаганы айтылууда.

New York Times гезитинин кабарында аскердик жетекчилердин келерки күндөрү Трампка Афганстандан чыгуу тууралуу брифинг берери ортого салынды.

Кабарда Трамптын президенттик шайлоо өткөрүлө турган ноябрь айынан мурда Афганстандан аскерлердин чыгарылышын каалагандыгы бирок Пентагондун дагы акырын жана пландуу болууну сунуш кылганы билдирилди.

Бул тууралуу суроолорго жооп берген Пентагондун катчысы Джонатан Хоффман өткөн айларда АКШнын Талибан менен түзгөн келишим боюнча июль айына чейин Афганстандагы аскер санын 8600гө түшүрүү планынын улантылып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар