Орусияда тик учак кырсыкка учурады

Орусиянын Коргоо министрлигинин жарыясына караганда «Ми-8» үлгүсүндөгү аскердик тик учактын Чукотка аймагындагы Угольный Копи аэропортуна жакын жерге билим берүү учуулары убагында жерге катуу конду.

1423654
Орусияда тик учак кырсыкка учурады

Орусиянын чыгыш жагындагы Чукотка аймагында «МИ-8» үлгүсүндөгү аскердик тик учактын жерге катуу конушунун себебинен кырсык болуп 4 киши каза тапты.

Орусиянын Коргоо министрлигинин жарыясына караганда «Ми-8» үлгүсүндөгү аскердик тик учактын Чукотка аймагындагы Угольный Копи аэропортуна жакын жерге билим берүү учуулары убагында жерге катуу конду.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттигине маалымат берген жооптуу кызматкер тик учактагы 4 кишилик экипаждын кырсыкта набыт болгонун жана тик учак конгондон кийин өрттөнгөнүн баяндады.

Кырсыкка техникалык бузуктуктун себеп болгону божомолдонууда.

Өткөн аптада борбор шаар Москва аймагында «Ми-8» үлгүсүндөгү тик учактын катуу конушунун себебинен 3 киши каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар