Махамат:«Жакырчылык, зомбулук жана башкаруудагы кемчиликтер Африканы тушап салды»

Африка Биримдигинин комиссиясынын башчысы  Мусса Факи Махамат,Африка күнүнөн улам жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1423472
Махамат:«Жакырчылык, зомбулук жана башкаруудагы кемчиликтер Африканы тушап салды»

Африка Биримдиги Комиссиясынын башчысы  Мусса Факи Махамат,жакырчылык, зомбулук жана башкаруудагы кемчиликтердин себебинен Африканын жыла албаганын белгиледи.

Махамат, Африка күнүнөн улам жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Материкте саясий, экономикалык жана социалдык тармакта жылыштар болуп жатат, бирок бул абал коркунучка салуучу кемчиликтерди жашыра албайт»,-деди.

Материкте болуп жаткан чоң маселелердин келечекке карай белгисиздиктерден турганына шилтеме кылган Махамат: «Зомбулук жана жакырчылык,Африканын илгерилөөсүнө тоскоол болууда»,деген серебин салды.

Махамат, терроризмдин шайлоодон кийинки кризистердин, уруу жана диний кагылышуулардын Африканы туруктуу түрдө курчоочу абалда болгонун, бул маселелердин чечилишине карай мүмкүнчүлүк жана үмүттүн дагы деле бар экенин белгиледи.

Жыл сайын Африка Биримдигинин курулган жылына туура келген 25-май, Африка калкынын чет элдиктердин өкүмдарлыгынан жана эзүүсүнөн кутулуу чечкиндүүлүгүн эскерүү максатында 1963-жылдан бери «Африка күнү» катары майрамдалат.



Тектеш кабарлар