Коронавирус менен алпурушкан чыгыш өлкөлөрү...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 348 миң 400дөн ашты.

1423805
Коронавирус менен алпурушкан чыгыш өлкөлөрү...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 348 миң 400дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 612 миң 800дөн ашты. Ал эми 2 миллион 388 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Иранда Ковид-19дун себебинен акркы бир күндө 57 киши каза болушу менен бирге 7508ге, жуктуруп алгандардын саны 139 511ге жогорулады.

Орусияда Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 3807, вирус аныкталгандардын саны 8915ке көбөйүп жалпы 362 342ге жетти. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, жаңы типтеги коронавирустун себебинен дарыланып жаткан ооруканадан айыгып чыкты.

Түштүк Азия өлкөсү Бангладеште Ковид-19дун себебеинен каза тапкандарын саны 501ге жетти. Өлкөдө акыркы 24 саатта рекорддук өсүү менен 1 975 жаңы жуктурган учур катталышы менен бирге илдетке чалдыккандардын саны 35 миң 585ке жогорулады.

Пандемиядан каза тапкандардын саны 44, жуктуруп алгандардын саны 233 деп жарыяланган Йеменде саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Абдуррагип эл-Хайдери, Твиттер барагынан «Сана жаралуу жана эки апааттын ичинде» темасы менен жарыялаган билдирүүсүндө борбор шаар Сананын Ковид-19дун жайылышынын себебинен апаат аймагы болгонун, шаарда коркунуч коңгуроолору чертилгенин белгиледи.

267 киши каза болгон 11 миң 206 жуктурган учур катталган Түштүк Кореяда, жаңы типтеги коронавирус пандемиясынан коргонуш үчүн бардык шаар ичиндеги коомдук транспорт ,таксилер менен ички жана тышкы каттам аба жолдорунда бет кап тагуунун мажбур боло турганы билдирилди.

Каза болгондор 170, жуктуруп алгандардын саны 3976 болгон Суданда, жаштар жана спорт министри Вела эл-Бушинин Ковид-19 тести позитив болуп чыкты. Абактагы мурдагы вице-президент Али Осман Таханын да коронавирус тестинин позитив болуп чыкканы белгиленди.

399 киши каза тапкан Сауд Арабияда башкаруу, коронавирустун себебеинен көрүлгөн чаралардын натыйжасында 3 баскычтан турган нормалдашуу планын жарыялады. 28-30-майды камтыган алгачкы баскычта Меккеден тышкаркы бардык шаарларда жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дан 15:00ке дейре көчөгө чыгууга уруксат берилет.

Палестинада вирустун себебеинен ушул убакка дейре 5 киши каза тапты. Оорулардын жалпы саны 602 болгон өлкөдө айыгып кеткен бейтаптардын саны 475ке жетти. Израиль басып алган Батыш Шариада жайгашкан Харем-Ибрахим мечити жана Догуш (Мехд) чиркөөсү Ковид-19 чараларынын  себебинен 3 айга жакын убакыт жабык турган соң ачылган.

35 киши Ковид-19дун себебеинен көз жумган Казакстанда жуктуруп алган учурлар 438ге көбөйүп 8 миң 969га жетти. Айыккандардын саны 9га көбөйүп жалпы айыккандардын саны 4515 болду. Президент Касым Жоомарт Токаев, шаарларда карантин чара көрүүлөрүнө баш ийилбөөсүнүн жуктурган учурлардын көбөйүшүнө себеп болгонун билдирип: «Өкмөт, мамлекеттик жана шаар башкаруучулары кырдаалды оңдоп чыгышы керек. Коомдук жайларда, коомдук транспорттордо беткап кийүү зарыл. Жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек»,- деди.

Кыргызстанда вирустун себебеинен 16 киши каза тапты, жуктуруп алгандардын саны 1468ге жетти, айыккан кишилердин саны 23кө көбөйүп 1015 болду. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова, окуу жыйлынын жабылыш аземдеринин 30-май күнү онлайн түрүндө ишке аша турганын айтты. Жусупбекова, бала бакчалардын июнь айында ачылуусун пландап жаткандарын маалымдады.

Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, вирустун кесепетинен 4 кишинин өлүмүнөн кийин каза болгондордун жалпы саны 91 адамга, 289 кишиде Ковид-19 аныкталгандан кийин  жуктуруп алган учурлардын саны 7 миң 402ге көбөйгөн. Өлкөдө 3 миң 220 адам айыгып кетсе, 4 миң 52 бейтапты дарылоо улантылууда.

13 адам көз жумган Өзбекстанда жуктуруп алгандардын  саны 72ге көбөйүп, 3261ге жетти. Санитардык көзөмөл институтунун профессору D-r. Нурмат Атабековдун айтымында, дарылоого жалпысынан 11 миллион доллар, анын ичинде Ковид-19 оорулууларын дарылоого бир адамга 3200 доллар жана реанимациядагы оорулууларга 6400 доллар жумшалды. Атабеков белгилегендей, ушул убакка чейин жарандарды карантинде кармоо үчүн жалпысынан 10 миллион доллар сарпталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Бахадыр Юсубалиевдин айтымында, ушул убакка чейин Ковид-19 шаарында 300гө чукул медициналык кызматкерлер аныкталган.

Грузия өкмөтүнүн билдирүүсүндө, Ковид-19дун себебинен өлкөдө 12 адам көз жумган. Акыркы 24 саат ичинде дагы бир вирус табылып, бейтаптардын саны 735ке жетип, 537 киши айыккандыгы кабарланган.

Молдовада эпидемиядан улам 265 адам көз жумду, жуктуруп алгандардын саны 7 миң 147 деп жарыяланды. Өлкөдө 1501 медицина кызматкерине инфекция жуккандыгы баса белгиленди. Депутат Владимир Миздренко «Ковид-19» тести позитив деп табылды, аныкталган депутаттардын саны 2 болду. Буга чейин, парламент Евгений Никиорчук вирусту жуктуруп алгандан кийин, парламент карантинге алынып, депутаттар текшерилиши керек деген чечим чыккан. Өзгөчө кырдаалдар комиссиясы эл аралык эпидемияга каршы иш-чараларды жеңилдетүү максатында эл аралык поезд жана автобус кызматын бүгүнкү күндөн баштап ишке киргизүүнү чечти. Комиссиянын чечими менен 1-июндан тарта музейлер, китепканалар жана базарлар ачылат, эгерде социалдык аралык сакталып калса, кафелер, ресторандар жана спорт залдар 15-июндан тарта иштей баштайт.

Украинада 644 адам каза болуп, жуктурган учурлардын саны 21 миң 584кө көбөйдү. Мындан тышкары, Украинанын Куралдуу Күчтөрүндө 2 адам каза таап, Ковид-19дан 60 адам кармалып, 96 адам айыгып, 261 адам карантинге алынган.

Кээ бир өлкөлөрдө жоготуулар төмөнкүдөй:

"Кытай 4634, Индия 4172, Индонезия 1391, Пакистан 1197, Түштүк Африка 481, Бириккен Араб Эмирликтери 248, Кувейт 165, Катар 26 жана Сингапур 23."

Африка континентинде Ковид-19дан каза болгондордун саны 3 миң 471 адамга, илдетке чалдыккандардын саны 115 миң 346 адамга, айыгып кеткендердин саны 46 миң 426 адамга жетти. Эритреяда жана Сейшеллде Ковид-19 жигердүү учурлары катталган жок, бирок ушул убакка чейин Эритреяда, Лесото, Намибия, Руанда, Сейшелл жана Угандада бир дагы адам каза болгон жок.



Тектеш кабарлар