Covid-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 346 миң 800дөн ашты.

1423196
Covid-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 346 миң 800дөн ашты, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 513 миңден ашты. Ал эми 2 миллион 309 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

99 миң 300 киши каза тапкан АКШда Ковид-19 пандемиясынын Латын Америкадагы чордонуна айланган Бразилиядан өлкөгө кирүүлөр токтотулду.

Бразилияда акыркы 24 саатта Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 22 миң 746га жетти. Жуктуруп алгандардын саны болсо 365 миң 213кө жогорулады.

Пандемиянын Европадагы чордонуна айланган Англияда жаңы типтеги коронавирустун себебинен  каза тапкандардын саны 36 миң 793кө жетти. Өлкөдө Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 2 миң 409га көбөйүп 259 миң 559га жетти.

Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны бир күндө 50гө көбөйүп 32 миң 785ке жогорулады. Өлкөдө бейтаптардын саны 1 миң 158ге кыскарып  56 миң 594кө түштү.

Францияда вирустан акыркы 24 саатта 35 киши көз жумуп жалпы 28 миң 367ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 115ке көбөйүп  219 миң 437ге жогорулады.

Ковид-19дун кесепетинен Испанияда каза болгон адамдардын саны акыркы 48 саатта 70ке көбөйүп 28 миң 752ге, ал эми вирусту жуктургандардын саны 246га көбөйүп 772 болду.

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19дун кесепетинен каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

«Бельгияда 9 миң 280, Германияда 8 миң 371, Канадада 6 миң 424, Нидерландияда 5 миң 822, Швецияда 3 миң 998, Перуда 3 миң 456, Эквадордо 3 миң 108, Швейцарияда 1906, Ирландияда1608, Португалияда1316, Польшада  996, Колумбияда 727 жана Чилиде718».



Тектеш кабарлар